Алай районундагы мектеп окуучуларга экологиялык сабак өткөрүлдү
NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айылынын № 38 Жибек Исаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына экологиялык ачык сабак өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга илбирс жана анын табияты тууралуу маалымат берилип, жапайы жаныбарларды коргоонун жана жаратылышты сактоонун мааниси түшүндүрүлдү. Ошондой эле айлана-чөйрөнү таанып-билүүгө кызыгууну арттыруу максатында атайын презентация көрсөтүлдү. Мындан тышкары, балдар уюм тарабынан тартылган «Илбирс. Мөңгүдөгү издер» аттуу анимациялык мультфильмди кызыгуу менен көрүштү.
Соңунда окуучуларга боемо китепчелер, мугалимдерге уюмдун таркатма материалдары белекке берилди. Мектеп жетекчилиги экологиялык мындай ачык сабактарды кийин дагы көп-көп өткөрүп туруу зарыл экенин белгилешти.



