“Барс” тобу – жаратылышты коргоо жана сактоо максатында, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш жүргүзүү менен алектенет. Аталган бөлүм негизинен эки багытта иш алып барат. Биринчиси: жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүп, жапайы жаныбарларга зыян келтирбөө максатында түшүндүрүү иштерин алып баруу болсо, экинчиси: мыйзамсыз аңчылык менен күрөштүү болуп саналат. Анын алкагында, тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жана өз алдынча да пландуу жана пландан сырткары рейддерди өткөрүп турушат. Бул иштер кызыл китепке кирген илбирсти коргоо багытында аткарылып келет.
Анын ишмердүүлүгү жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоого жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган. Топ жаратылыштагы мыйзам бузууларды аныктоого, алдын алууга жана жапайы жаныбарларга келтирилген зыяндын кесепеттерин азайтууга салым кошот.
Рейддердин жүрүшүндө жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу, аларга зыян жеткирип, мыйзамсыз кармоо сыяктуу фактыларга көңүл бурулат. Зарыл учурларда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, мыйзам чегинде чара көрүлүшүнө көмөк кылат.
Мындан тышкары, топтун кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жапайы жаныбарларды коргоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, өзгөчө сейрек кездешүүчү түрлөргө аңчылык кылуунун кесепеттери тууралуу маалымат беришет. Мындай жолугушуулар жергиликтүү калктын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
“Барс” тобу жаратылышты коргоо багытында башка түзүмдөр жана мамлекеттик органдар менен кызматташып, маалымат алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Мындай комплекстүү иш-чаралар жапайы жаныбарларды жана алардын табигый жашоо чөйрөсүн узак мөөнөттүү сактоого өбөлгө түзөт.