НАБУ жаңылыктары

Кара-Сууда мыйзамсыз аңчыкка чыккан жаранга 12 500 сом айыппул салынды

NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн «Барс-2» тобунун кызматкерлери КР ЖРЭжТК министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспектору менен биргеликте атайын маалыматтын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Беш-Конуш жайлоосуна ыкчам рейд өткөрүштү.

 

Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы №55 токтому менен бекитилген Аңчылык эрежелеринин талаптарын бузуу фактысы аныкталды. Анын негизинде бир жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

 

Мындай рейддик иш-чаралар жаратылышты коргоо мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга, мыйзамсыз аңчылыктын алдын алууга жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.

 

NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардардын өкүлдөрү менен биргеликте жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү багытында ишти уланта берет.