NABU Кыргызстан филиалынын долбоорлору

Биздин уюм жапайы жаратылышты коргоо программаларын, биосфералык коруктарды жана корук аймактарын түзүүнү колдойт. Корук аймактарын түзүү биологиялык ар түрдүүлүктү жана жоголуп бара жаткан ар бир түрдү өзүнчө сактоого жардам берет.

Түндүк Тянь-Шань чек ара аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо

Бул долбоор 2013-жылдан 2017-жылга чейин ишке ашырылып, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги (BMZ) жана NABU-Кыргызстан тарабынан колдоого алынган.

Тянь-Шань тоолорундагы биосфералык экспедициялар

Тянь-Шань тоолорундагы (Кыргыз Ала-Тоосу жана Жумгал-Тоо кырка тоолору) илимий-изилдөө экспедициялары 2014-жылдан бери Biosphere Expeditions жана NABU-Кыргызстан тарабынан жүргүзүлүп келет. Экспедицияларга дүйнө жүзүндөгү ыктыярчылар жана изилдөөчүлөр катышат.

Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунда топоз өстүрүүнү натыйжалуу жүргүзүү

Бул долбоор 2017-жылдан бери ишке ашырылып келет.
Долбоор Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык министрлигинин Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия үчүн колдоо программасынын бир бөлүгү болуп саналат.