Экологиялык билим берүү бөлүмү – коомчулуктун бардык катмарларына экологиялык билим берүү, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду жайылтуу менен алектенген уюмдун маанилүү түзүмдүк бөлүмү.

Анын ишмердүүлүгү бала бакчадагы тарбиялануучулардан тартып, мектеп окуучулары, ЖОЖдун окутуучулары, студенттери, ошондой эле жергиликтүү калкка чейин кеңири чөйрөнү камтыйт. Негизги максаты – экологиялык билимди жогорулатуу, жаратылышты коргоого коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.

Аталган бөлүм билим берүү мекемелери менен биргеликте пландуу жана тематикалык иш-чараларды өткөрөт. Анын алкагында бала бакчаларда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык экологиялык тарбия берүүчү оюндар, таанып-билүүчү сабактар жана практикалык иш-чаралар уюштурулат. Мектептерде экологиялык сабактар, ачык лекциялар, семинарлар, викториналар, сынактар, экскурсиялар жана жаратылышты коргоого багытталган практикалык акциялар өткөрүлөт.

ЖОЖ студенттери жана окутуучулар үчүн экологиялык көйгөйлөр, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча лекциялар, семинарлар жана тренингдер уюштурулат. Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталат.

Мындан тышкары, бөлүм жергиликтүү эл менен түздөн-түз иш алып барып, калк арасында экологиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылуудан тартып, таштандыларды туура башкаруу, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, жапайы жаратылышты коргоо, мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөө жана жаратылышка зыян келтирбөө боюнча маалыматтык жолугушуулар жана коомдук акцияларды өткөрүп, уюм тарабынан даярдалган таанып билүүчү материалдарды таратат.

Бөлүм өз ишмердүүлүгүн мамлекеттик экологиялык органдар, билим берүү мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка коомдук уюмдар менен кызматташтыкта жүргүзөт. Пландуу иш-чаралар менен катар, коомчулукта пайда болгон актуалдуу экологиялык маселелер боюнча түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин да жүргүзөт.

Экологиялык билим берүү бөлүмү коомдо жаратылышты сүйүү жана коргоо маданиятын калыптандырууга, экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга жана келечек муундар үчүн таза жана коопсуз айлана-чөйрөнү сактоого салым кошот.