NABU Кыргызстан уюмунун бөлүмдөрү

NABU Кыргызстан илимий изилдөө, мониторинг, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш, жапайы жаныбарларды реабилитациялоо жана экологиялык билим берүүнү бирдиктүү багытта алып барган жаратылышты коргоо уюму болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо менен гана чектелбестен, элдин экологиялык аң-сезимин жогорулатууга жана коомчулукту жаратылышты коргоого тартууга багытталган.

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү 2023-жылдын 27-апрелинде Ош шаарында расмий ачылган. Бөлүмдүн ишмердүүлүгү негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргүзүлөт…

“Барс” тобу

“Барс” тобу – жаратылышты коргоо жана сактоо максатында, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш жүргүзүү менен алектенет. Аталган бөлүм негизинен эки багытта иш алып барат. Биринчиси: жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүп, жапайы жаныбарларга зыян келтирбөө…

“Барс-2” тобу

“Барс-2” тобу – уюмдун түштүк бөлүмүндө негизделип, алар да жапайы жаратылышты коргоо үчүн мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш жүргүзүү менен алектенет. Ишмердүүлүгү негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргүзүлөт. Түштүк бөлүм түзүлгөндөн бери…

Экологиялык билим берүү бөлүмү

Экологиялык билим берүү бөлүмү – коомчулуктун бардык катмарларына экологиялык билим берүү, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду жайылтуу менен алектенген уюмдун маанилүү…

Мониторинг бөлүмү

Мониторинг бөлүмү – жапайы жаратылыштагы жаныбарлардын абалын, таралышын жана жүрүм-турумун илимий негизде изилдөө жана узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү менен алектенген уюмдун маанилүү түзүмдүк бөлүмү. Бөлүмдүн негизги ишмердүүлүгү жапайы жаныбарларга, өзгөчө…

“Суулуу-Терек” реабилитациялык борбору

“Суулуу-Терек” реабилитациялык борбору – жаратылышта ар кандай себептерден улам жаракат алып, алсырап калган же өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелген жапайы жаныбарларды кабыл алып, аларды дарылоо, багуу жана кайра жаратылышка кайтаруу иштерин…

“Кара-Кужур” экологиялык билим берүү борбору

“Кара-Кужур” экологиялык билим берүү борбору Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндө жайгашкан. Борбордун негизги багыты – элге экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Экологиялык билим берүү борборунда окуучулар үчүн…