NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү 2023-жылдын 27-апрелинде Ош шаарында расмий ачылган. Бөлүмдүн ишмердүүлүгү негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргүзүлөт.
Тактап айтканда, түштүк аймактардагы жапайы жаратылышты жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыктан коргоо. Бул багытта уюмдун “Барс-2” антибраконьердик тобу иш алып барып, жаратылышты коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташат.
Аталган бөлүм дагы илбирсти коргоого өзгөчө көңүл бурат. Илбирстин жашоо чөйрөсүн сактоо, анын популяциясына коркунуч келтирген факторлорду азайтуу, ага байланыштуу мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү аркылуу бул сейрек кездешүүчү жаныбарды келечек муундар үчүн сактап калууга салым кошот.
Мындан тышкары, бөлүм жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаратылышты жана жапайы жаныбарларды коргоонун маанилүүлүгүн жайылтат жана эл арасында экологиялык билим берүү менен алектенет. Жергиликтүү тургундар менен кызматташуу жаратылышты коргоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.
Ошентип, NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү өлкөнүн түштүк аймактарында жапайы жаратылышты коргоо, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү жана өзгөчө коргоого муктаж болгон илбирс сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо багытында маанилүү иштерди жүргүзүп келет.