Мониторинг бөлүмү – жапайы жаратылыштагы жаныбарлардын абалын, таралышын жана жүрүм-турумун илимий негизде изилдөө жана узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү менен алектенген уюмдун маанилүү түзүмдүк бөлүмү.

Бөлүмдүн негизги ишмердүүлүгү жапайы жаныбарларга, өзгөчө сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөргө, анын ичинде илбирске системалуу илимий мониторинг жүргүзүүгө багытталат. Мониторингдин жүрүшүндө жаныбарлардын жашоо чөйрөсү, таралуу аймагы, саны, кыймыл-аракети жана жүрүм-туруму тууралуу маалыматтар топтолот.

Мониторинг бөлүмү жапайы жаныбарларды байкоодо заманбап ыкмаларды, анын ичинде фототузактарды кеңири колдонот. Белгиленген аймактарга орнотулган фототузактар аркылуу жапайы жаныбарлардын сүрөт жана видеолор үзгүлтүксүз алынып турат. Аппараттарга түшкөн материалдар талданып, жаныбарлардын түрү, саны, жынысы, жаш өзгөчөлүктөрү жана мүмкүн болгон жеке белгилери аныкталат.

Айрыкча илбирстерге жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында фотоматериалдар аркылуу ар бир жаныбарды сырткы өзгөчөлүктөрү боюнча фото салыштыруу аркылуу идентификация жасалат. Бул маалыматтар илбирстердин белгилүү бир аймактагы популяциясынын абалын баалоого жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүм ошондой эле жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүндөгү экологиялык өзгөрүүлөргө, миграциялык жолдоруна жана жаныбарларга таасир этүүчү факторлорго байкоо жүргүзөт. Топтолгон маалыматтар илимий талдоодон өткөрүлүп, жапайы жаратылышты коргоо жана башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алууда колдонулат.

Мониторинг бөлүмү жаратылышты коргогон мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, адистер жана башка тиешелүү уюмдар менен биргеликте иштейт. Жүргүзүлгөн илимий байкоолордун жыйынтыктары жапайы жаныбарларды, өзгөчө сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо боюнча практикалык иш-чараларды пландаштырууга негиз болуп берет.

Бөлүмдүн иши жаратылыштагы биологиялык ар түрдүүлүктүн абалы жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды топтоого, жапайы жаныбарлардын популяцияларын сактоого жана алардын жашоо чөйрөсүн натыйжалуу коргоого багытталган.