НАБУ жаңылыктары

NABU Кыргызстан уюму моделдик аймактарга өзгөчө көңүл бурат

NABU Кыргызстан уюму экосистемаларды коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында өлкөнүн аймагындагы бир катар жаратылыш объекттерин моделдик аймактар катары аныктады. Бул аймактарда жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө, алардын санына жана абалына байкоо жүргүзүлүп, фотокапкандардын жардамы менен жаныбарлардын кыймылы жана жүрүм-туруму изилденет. Ошондой эле жаратылышка тийгизген таасирлерге баа берилип, экосистеманын абалын көзөмөлдөө жана аны сактоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Мындай мониторинг сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды коргоо чараларын натыйжалуу пландаштырууга өбөлгө түзөт.

 

Ушунун алкагында NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов Ош облусундагы Кыргыз-Ата мамлекеттик жартылыш паркынын директору Акылбек Эргешов менен жолугушуу өткөрүп, алдыдагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Жолугушууда жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү багыттарында алдыдагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Келечекте биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, жаратылыш ресурстарын коргоо жана экосистемалардын абалын изилдөө боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү пландаштырышты.