“Суулуу-Терек” реабилитациялык борбору – жаратылышта ар кандай себептерден улам жаракат алып, алсырап калган же өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелген жапайы жаныбарларды кабыл алып, аларды дарылоо, багуу жана кайра жаратылышка кайтаруу иштерин жүргүзгөн атайын борбор.

Борбор Чүй облусунун Кемин районундагы Суулуу-Терек капчыгайында жайгашкан. Анын жаратылышка жакын аймакта орун алышы реабилитациядан өткөн жаныбарларды өздөрүнүн табигый жашоо шарттарына акырындык менен ыңгайлаштырууга жана кийин кайра жаратылышка коё берүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.

“Суулуу-Терек” реабилитациялык борборуна жаратылышта жаракат алган же жардамга муктаж болгон жапайы жаныбарлар алынып келинип, алардын абалы адистер тарабынан бааланат. Зарыл болгон учурда жаныбарларга ветеринардык жардам көрсөтүлүп, тиешелүү кам көрүү жана реабилитациялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Жаныбар толук калыбына келип, өз алдынча жашоого даяр болгондон кийин кайра өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө кое берилет.

Борбордо буга чейин аюу, сүлөөсүн, чүткөр сыяктуу жана башка көптөгөн жапайы жаныбарлар реабилитациядан өткөрүлүп, кайра жаратылышка кое берилген. Бул иштер жапайы жаныбарлардын популяциясын сактоого жана жаракат алган жаныбарлардын кайрадан табигый чөйрөсүнө кайтып келишине шарт түзөт.

Учурда борбордо илбирс баш болгон жапайы жаныбарлар жана ар кандай канаттуулар багылып, аларга тиешелүү шарттар түзүлгөн. Ар бир жаныбардын түрүнө, жашына жана ден соолугунун абалына жараша кам көрүү, азыктандыруу жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлүп, ветеринардын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында ветеринардык кабинет да ачылган. Бул жерде жаныбарларды текшерүү, алгачкы жардам көрсөтүү, дарылоо жана алардын ден соолугун көзөмөлдөө боюнча иштер жүргүзүлөт. Ветеринардык кабинеттин болушу жаныбарларга өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, “Суулуу-Терек” реаборборунда экологиялык билим берүү үчүн атайын бөлмөлөр ачылган. Бул бөлмөлөрдө балдарга, окуучуларга, студенттерге жана келген конокторго жапайы жаратылыш, сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча окутуу семинарлары жүргүзүлүп келет.

“Суулуу-Терек” реабилитациялык борбору жапайы жаныбарларды сактоо менен гана чектелбестен, өлкөдөгү жаратылышты коргоо, илимий байкоо жасоо жана экологиялык билим берүү багыттарын айкалыштырган маанилүү борбор болуп саналат. Анын негизги максаты – жардамга муктаж болгон жапайы жаныбарларды кам көрүү, аларды кайрадан табигый жашоо чөйрөсүнө кайтаруу жана коомчулукта жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу.