НАБУ жаңылыктары

Боом капчыгайында мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 63 500 сом айып пул жана доо коюлду

Чүй облусундагы Боом капчыгайынын Суулуу-Терек коктусунда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаран аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө алар тарабынан мергенчилик эрежелери бузулганы катталып, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 37 500 сом айып пул салынды.

 

Мындан тышкары, жарандардын уруксат берилген өлчөмдөн ашык кекилик атканы да белгилүү болду. Натыйжада жаратылышка келтирилген зыян үчүн жалпы 26 000 сом өлчөмүндө доо коюлду. Ошентип, үч жаранга карата салынган айып пул менен коюлган доонун жалпы суммасы 63 500 сомду түздү.

 

Аталган мыйзам бузуу фактысы NABU Кыргызстан уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгына караштуу Кемин районунун егери жана аңчылык боюнча адистери менен биргеликте өткөргөн рейд учурунда аныкталды.

 

Мындан сырткары, мамлекеттик экологиялык мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте түзүлгөн ыкчам топ ушул эле иш-чаранын алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда да беш күндүк рейддик иш-чараларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.