NABU уюмунун жетекчиси Экология министри менен жолукту
Германиянын Жаратылышты коргоо союзу (NABU) уюмунун федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев менен жолукту. Ага Эл аралык кызматташуу боюнча директордун орун басары Катя Каупиш жана NABU Кыргызстан уюмунун директору Толкунбек Асыкулов да катышты.
Жолугушууда тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы илбирсти реабилитациялоо борборун мындан ары өнүктүрүү, Ысык-Көлдөгү Биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө борбору менен кызматташууну күчөтүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, өз ара түшүнүшүү жөнүндө колдонуудагы меморандумду мындан ары да улантуу жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле CITES, CMS жана Рамсар конвенцияларынын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Кызыл китеп жаатында да кеңири сүйлөшүүлөр болуп, Кыргызстан боюнча компонентти камтыган IKI SYMBIOTIC долбоору тааныштырылды.
Жумушчу жолугушууда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде тиешелүү уюмдардын жана компаниялардын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.