НАБУ жаңылыктары

«Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында фототузактар аркылуу мониторинг жүргүзүлүүдө

Чүй облусундагы «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарларга фототузактардын жардамы менен мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Фототузактар аймакка быйыл май айында орнотулган. Алардын жардамы менен илбирс, эчки-теке жана башка жапайы жаныбарлар катталган.

Тактап айтканда, 18-24-август күндөрү NABU Кыргызстан уюмунун «Мониторинг» бөлүмүнүн жана «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери фототузактардын техникалык абалын текшерип, батареяларын жана флеш-карталарын алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Мониторинг иштери аталган парктын аймагында атайын тандалып алынган моделдик тилкеде өткөрүлдү.

Моделдик тилке – жапайы жаратылыштын абалына системалуу байкоо жүргүзүү үчүн белгиленген чек арадагы атайын аймак. Бул тилкеге фототузактар туруктуу орнотулуп, жаныбарлардын түрлөрү, саны, жүрүү багыттары жана активдүүлүгү тууралуу маалыматтар үзгүлтүксүз чогултулуп турмакчы.

Мындай мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтар жапайы жаныбарлардын абалын баалоого, алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү аныктоого жана жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле топтолгон маалыматтар илимий-изилдөө иштеринде колдонулат.