Ошто илбирсти жана тоо экосистемасын сактоо боюнча илимий-практикалык семинар өттү
Оштогу Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Биоартүрдүүлүктү сактоо жана Ак илбирс – тоо экосистемасынын негизи” аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Аны NABU Кыргызстан уюму менен окуу жайдын Инженердик-технология жана табигый-педагогика факультети биргеликте өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында NABU Кыргызстан уюму тарабынан тартылган жана фототузактарга түшкөн илбирстердин сүрөттөрү камтылган фото көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө андан сырткары фототузактар, тепловизор, дрон, GPS-аппараттар да коюлды. Ошондой эле уюм тарабынан Ош МПУда жана Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы жалпы билим берүүчү жатак мектебинде өткөрүлгөн иш-чаралар үчүн даярдалган студенттер менен окуучулардын илбирстерди колдо тарткан сүрөттөрү да коюлду.
Аталган илимий-практикалык семинардын теориялык жана маалыматтык бөлүгүндө NABU Кыргызстан уюмунун илбирстерди сактоодогу аткарып жаткан иштери: экологиялык билим берүү, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, анын ичинде фототузактарды коюу сыяктуу жаратылышты коргоодогу аракеттери кеңири айтылды.
Ал эми окуу жайдын окутуучулары да илбирстердин биологиялык өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, азыктануу чөйрөсү, географиялык таралуу аймактары жана табигый жашоо чөйрөсү, ошондой эле алардын санынын азайышына таасир эткен негизги факторлор тууралуу кызыктуу баяндамаларды жасашты. Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбарларды коргоонун маанилүүлүгүнө, алардын жашоо чөйрөсүн сактоого жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодогу ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле катышуучулар арасында интерактивдүү викторина уюштурулду.
Бул окутуу семинарынын максаты – студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча коомчулуктун, экологиялык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жаштарды жаратылышты коргоого чакыруу болду.
Иш-чаранын соңунда жигердүү катышуучуларга жана викторинанын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер менен таратма материалдары тапшырылды. Жолугушуунун жыйынтыгында окутуучулар NABU Кыргызстан уюму менен мындан ары да тыгыз кызматташууга, жаратылышты коргоо багытында биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.








