НАБУ жаңылыктары

Чоң-Алайда мыйзамсыз аңчылыкка чыккан жарандарга 25 миң сом айып пул салынды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аңчылык куралдарын мыйзамсыз алып жүргөн эки жаранга жалпы 25 миң сом айып пул салынды.

 

Бул факт мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу максатында уюштурулган ыкчам рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аныкталды. Рейдди NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери менен биргеликте өткөрүштү.

 

Анын алкагында, райондун Дароот-Коргон-Үч-Коргон жолундагы Теңизбай ашуусунда шектүү үч жаран токтотулду. Текшерүү учурунда алардын жанынан аңчылык 3 курал чыгып, бирок экөөсүнүн тиешелүү жолдомо документтери жок экени аныкталды.

 

Натыйжада, эки жаранга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 25 000 сом айып пул салынды.

 

Белгилей кетсек, мындай рейддик иш-чаралар жаратылышты коргоо, мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу, жапайы жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана аңчылык эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.