НАБУ жаңылыктары

NABU Кыргызстан уюму илбирсти коргоо жаатындагы өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү

NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо маселелерине арналган конференцияга катышып, жапайы жаныбарларды, анын ичинен илбирсти коргоо жаатындагы аткарып жаткан иштерине токтолду.

 

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында «Ак Илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборунун ачылышына байланыштуу уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын жетекчилери катышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө Толкунбек Асыкулов NABU Кыргызстан уюмунун ишмердүүлүгү жана Чүй облусунун Кемин районундагы Суулуу-Терек капчыгайында жайгашкан жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунун иши тууралуу кенен маалымат берди. Ал борбордо жапайы жаныбарларды багуу, дарылоо, калыбына келтирүү жана аларды кайрадан табигый чөйрөгө коё берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

 

Конференцияда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жапайы жаныбарларды коргоо жана жок болуп кетүү коркунучунда турган сейрек кездешүүчү түр катары илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу маселелери кеңири талкууланды. Ошондой эле бул багыттагы илимий-изилдөө иштеринин, реабилитациялык борборлордун ишмердүүлүгүнүн жана мамлекеттик мекемелер менен жаратылышты коргоо уюмдарынын кызматташтыгынын мааниси белгиленди.

 

Кошумчалай кетсек, жаңы ачылган «Ак Илбирс» илимий изилдөө жана реабилитициялык борбору менен NABU Кыргызстан уюмунун Суулуу-Терек капчыгайындагы реабилитациялык борбору бири-бирин толуктап турган мекеме катары тыгыз кызматташат. Эки борбордун негизги максаты — жапайы жаныбарларды, анын ичинде илбирсти коргоого жана калыбына келтирүү болуп саналат.