НАБУ жаңылыктары

Инго Аммерман КУУнун ректору менен жолукту

Бүгүн, 15-сентябрда, Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) уюмунун Федералдык Аткаруучу директору, табият таануу илимдердин доктору Инго Аммерман Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен жолукту.

Жолугушууга NABU уюмунун Эл аралык кызматташуу боюнча директорунун орун басары Катя Каупиш, NABU Кыргызстан уюмунун директору, география илимдеринин кандидаты Толкунбек Асыкулов жана КУУнун Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков, География, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова жана ректораттын аппарат жетекчиси Ынтымак Касмакунов катышты.

Анда тараптар жаратылышты коргоо, суу көйгөйлөрү, экологиялык туризм жана кадрларды даярдоо тууралуу сөз кылышты. Өз кезегинде И.Аммерман уюмдун жаратылышты коргоо ишиндеги аткарган жумуштарына, айрыкча Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду.

Ал эми КУУнун ректору уюмдун Кыргызстандагы аткарган иштерин колдоорун жана жолугушуу жемиштүү өткөнүнө токтолду. Ошондой эле NABU Кыргызстан уюму менен тыгыз кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.

Инго Аммерман Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында, айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.