НАБУ жаңылыктары

NABU жетекчиси Кыргызстанда жаратылышты коргоо жана кызматташтык маселелерин талкуулады

Германиянын Жаратылышты коргоо союзу (NABU) уюмунун федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Инго Аммерман Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова менен жолукту. Жолугушууда жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана бул багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле NABU жетекчиси К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева менен жолугушту. Тараптар жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экологиялык багыттагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен NABU ортосундагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаратылышты коргоо жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга көңүл бурулду.