Суусамырда аңчылык куралын мыйзамсыз алып жүргөндөргө 20 миң сом айыппул салынды
NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кичи-Суусамыр жайлоосунда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө аңчылык куралын мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран аныкталды.
Текшерүү учурунда алардан сайлуу эки аңчылык мылтыгы алынды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде ар бирине 10 миң сомдон, жалпы 20 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды. Алынган куралдар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча балык кармоочу тор колдонуп жүргөн дагы бир жаран кармалып, ага 5 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылып, аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.