Ошто илбирстер аркылуу жаратылышты коргоо максатын көздөгөн иш-чара өттү
Бүгүн, 23-октябрь – Илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата NABU Кыргызстан уюму Ош мамлекеттик педогогикалык университетинде “Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы” аталышында тегерек стол өткөрдү. Аны менен кошо уюм тарабынан тартылган илбирстердин фото көргөзмөсү да уюштурулду.
Анын жүрүшүндө уюмдун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов катышуучуларга илбирсти сактоонун маанилүүлүгү, анын экосистемадагы орду, жашоо чөйрөсүнүн азайышы жана браконьерлик сыяктуу коркунучтар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле илбирсти жана анын экосистемасын сактоо, бул сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбардын келечегин камсыздоо боюнча коомчулуктун, экологиялык уюмдардын жана билим берүү мекемелердин аракеттерин бириктирүү экенин белгиледи.
Ал эми бөлүмдүн кызматкери Закир Алибеков илбирсти сактоодогу NABU Кыргызстан уюмунун мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүүсү тууралуу кенен маалыматтарды берди. Анда фототузактар, тепловизор, дрон, GPS-аппараттар сыяктуу иш учурунда колдонулган буюмдарды көрсөтүп, алардын жардамында кандай иштер аткарылып жатканына кеңири токтолду.
Биздин уюмдун фото көргөргөзмөсүнө улай, студенттер арасында илбирстердин сүрөтүн тартуу сынагы да өткөрүлдү. Анда алар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле студенттер илбирстер жана алардын жаратылыштагы орду тууралуу атайын презентацияларды жасашты.
Катышуучулар илбирстерди коргоо жана сактоо, мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу, экологиялык билим берүү сыяктуу бир канча көйгөйлөргө токтолушуп, тегерек столго коюлган теманы кызуу талкуу менен өткөрүштү. Андан сырткары, ОшМПУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы Гулмира Долонова алдыда









NABU Кыргызстан уюму менен тыгыз кызматташтыкта иштешүү максатында атайын долбоорлорду сунуштай тургандыктарын билдирди.
Соңунда сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө NABU Кыргызстан уюмунун баалуу белектери тапшырылды. Андан сырткары, тегерек столго катышкан окутуучуларга жана конокторго да уюмдун атайын таркатма материалдарды берилди.