Илбирсти коргоо күнүнө карата студенттер үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү
Бүгүн, 23-октябрда, илбирстерди коргоонун эл аралык күнүнө карата, NABU Кыргызстан уюму Кыргыз Улуттук агрардык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн «Кыргызстандагы илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды коргоо» темасында семинар-тренинг өткөрдү.
Иш-чара К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина факультетинин, ошондой эле гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин студенттери менен окутуучуларына арналды. Семинар Боом капчыгайында жайгашкан «Суулуу-Терек» экологиялык-билим берүү жана жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунда өттү.
Катышуучулар илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды коргоо, экологиялык жана ветеринардык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Ошондой эле адамдардын, үй жана жапайы жаныбарлардын ден соолугу менен айлана-чөйрөнүн абалынын өз ара байланышы тууралуу маалымат алышты.
Семинардын жүрүшүндө «Бирдиктүү ден соолук» (One Health) концепциясына өзгөчө көңүл бурулду. Бул түшүнүк адамдын жана жаныбарлардын ден соолугу айлана-чөйрөнүн абалына тыгыз байланышта экенин белгилейт. Студенттер топторго бөлүнүп, өз ара пикир алмашып, туруктуу өнүгүү жана «Бирдиктүү ден соолук» концепциясы боюнча презентацияларды даярдашты.
Мындан тышкары, катышуучулар NABU Кыргызстан уюмунун илбирстерди сактоодогу ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: экологиялык агартуу, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү жана жаратылышты коргоо боюнча көзөмөл-инспекциялык иштер, ошондой эле жапайы жаныбарларга ветеринардык жардам көрсөтүү жана аларды реабилитациялоо иштери менен таанышышты.
Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө болочок ветеринарлар жана экологдор «Суулуу-Терек» реабилитациялык борборунда багылып жаткан жапайы жаныбарлар, аларды реабилитациялоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле NABU Кыргызстан уюмунун ветеринардык адиси жаныбарларды ветеринардык кароодон өткөрүүнүн негизги ыкмаларын көрсөттү.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттерге жана окутуучуларга эстелик белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындай иш-чаралар келечектеги адистердин кесиптик билимин тереңдетүүгө, экология жана ветеринария тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде Кыргызстандын уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого салым кошот.




