НАБУ жаңылыктары

Ош облусунда аңчылык эрежелеринин сакталышы текшерилди

NABU Кыргызстан уюмунун «Барс» жана «Барс-2» топторунун кызматкерлери жаратылышты коргоо багытында Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда эки күндүк рейддик иш-чара өткөрүштү.

 

Рейд Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, аймактар текшерүүгө алынып, натыйжада бир жаран аңчылык кылуу талаптарын бузгандыгы аныкталды. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, жаранга 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

 

Ошондой эле рейд учурунда мергенчилерге аңчылык эрежелерин так сактоо, уруксат берүүчү документтерди мыйзам талаптарына ылайык алып жүрүү жана аңчылыкка тиешелүү документтердин түп нускаларын жанында болуусунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү жана документтердин көчүрмөсүнө гана таянбоо зарылдыгы эскертилди.