НАБУ жаңылыктары

Чоң-Алай районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы ыкчам рейд өттү

NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун кызматкерлери Ош облусунун Чоң-Алай районунун егери менен биргеликте районундогу жапайы жаныбарларды коргоо, мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу максатында ыкчам рейддик иш-чара өткөрүштү.

Аталган рейд район тургундарынын мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жатат деген атайын билдирүүлөрүнүн негизинде уюштурулду.

Рейддик топ тарабынан райондун Кара-Мык айыл аймагында, ошондой эле бир катар башка айылдарында тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бирок жаратылышка зыян келтирүүгө шектүү жарандар аныкталган жок.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундардын арасында экологиялык сурамжылоо да өткөрүлдү. Андан сырткары, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо, аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузбоо жана жапайы жаныбарларга келтирилүүчү зыянды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чоң-Алай районунда жаратылышты коргоого багытталган рейддик жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да системалуу түрдө улантыла турган болду.