НАБУ жаңылыктары

Талас облусуна фототузактар коюлду

Талас облусунун Талас районундагы Чоң-Кошой өрөөнүнө жана «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына фототузактар коюлду. Бул жумуштар NABU Кыргызстан уюмунун “Мониторинг” бөлүмүнүн жана аталган мамлекеттик жаратылыш парктын кызматкерлери тарабынан аткарылды.

 

Аталган аймакка фототузактар өткөн жылы сентябрь айында да коюлуп, быйыл июнь айында кайра алынган. Анда илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик сыяктуу жаныбарлар түшкөн. Ал эми быйыл дагы аталган аймакка фототузактар кайрадан коюлду.

 

NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн тоолуу аймактарына фотокапкандарды орнотуп, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүп келет. Буга чейин Талас облусунан сырткары, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир канча аймактарында орнотулган аппараттардан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сүрөттөрү алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылып жатат.