Bilmont School мектебинде илбирсти коргоого арналган ачык сабак өттү
NABU Кыргызстан уюмунун адистери Bilmont School мектебинин чакыруусу менен окуучуларга «Илбирс – тоолордун өкүмдары» аттуу ачык сабак өткөрүштү. Иш-чарага 5-, 7- жана 8-класстардын 40 окуучусу катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар алгач NABU Кыргызстан уюмунун биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышышты. Андан соң илбирстин биологиялык өзгөчөлүктөрү, жашоо чөйрөсү, популяциясынын азыркы абалы, ага коркунуч жараткан негизги факторлор жана санынын азайышынын мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу презентация көрсөтүлдү.
Ошондой эле илбирсти коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге, бул багытта ар бир адамдын кошо ала турган салымына өзгөчө көңүл бурулду. Окуучуларга жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөгөн экологиялык 10 пайдалуу жөндөм тууралуу да маалымат берилди. Мындан сырткары адистер айлана-чөйрөнү коргоо ар бир адамдын күнүмдүк жашоосундагы жөнөкөй аракеттерден башталарын белгилешти.
Алган билимдерди бекемдөө максатында «Илбирс кайда жашынып турат?» аттуу интерактивдүү оюн уюштурулду. Туура жооп берген окуучулар экологиялык лотереяга катышып, футболка, кружка, баштык, сызгыч жана экологиялык багыттагы атайын наклейка сыяктуу эстелик белектерге ээ болушту.
Сабактын экинчи бөлүгү илбирске мониторинг жүргүзүү иштерине арналды. Анда окуучулар жапайы жаныбарларды изилдөөнүн заманбап ыкмалары менен таанышты. Атап айтканда, жаратылышка байкоо жүргүзүү жана жергиликтүү тургундар арасында сурамжылоо өткөрүү, GPS колдонуу, фотосүрөттөр аркылуу жаныбарларды жекече аныктоо, картографиялык жана биологиялык баалоо ыкмалары тууралуу кеңири маалымат алышты.
Мындан тышкары, илбирске мониторинг жүргүзүүнүн тартиби, изилдөө учурунда колдонулуучу атайын жабдуулар жана шаймандар көрсөтүлдү. Айрыкча фототузактар аркылуу тартылган сүрөттөр жана видеоматериалдар окуучулардын кызыгуусун жаратты. Алар бул материалдардан илбирстин табигый чөйрөдөгү жашыруун жашоосуна күбө болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар активдүү суроолорду берип, талкууларга катышып, жаңы маалыматтарга кызыгуу менен мамиле кылышты.
Жыйынтыгында Bilmont School мектебинин директору Метин Кылынч менен жолугушуу болуп, ал NABU Кыргызстан уюмунун өкүлдөрүнө ачык сабакты уюштурганы, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды сунуштаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага уюмдун негизги миссиясы жана Кыргызстандагы жаратылышты коргоо багытындагы ишмердүүлүгү менен тааныштырылды.
