НАБУ жаңылыктары

NABU Кыргызстан уюму Алай тоо кыркаларына фототузактарды орнотту

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Алай тоо кыркаларынын түндүк капталына фототузактар орнотулду.

 

Бул иштердин негизги максаты – жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн, түрдүк курамын, санынын өзгөрүшүн жана кыймыл-аракетин изилдөө, ошондой эле алардын табигый шарттагы жашоосуна байкоо жүргүзүү болуп саналат.

 

Фототузактардын жардамы менен адамдын катышуусуз жаныбарларды сүрөткө жана видеого тартууга, алардын жашоо өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн тоолуу аймактарына фототузактарды орнотуп, илбирс, аркар, тоо теке, марал, элик, каман, күрөң аюу сыяктуу жана башка көптөгөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келет.