Кадам-Жайда окуучуларга илбирсти коргоо боюнча экологиялык иш-чара өткөрүлдү
23-октябрь – Илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата NABU Кыргызстан уюму Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы жалпы билим берүүчү жатак мектебинин окуучуларына «Илбирс – Кыргызстандын улуттук символу» аталышында экологиялык билим берүү иш-чарасын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө уюмдун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов окуучуларга илбирс жана аны коргоонун мааниси тууралуу маалымат берди. Ал атайын даярдалган презентация аркылуу илбирстин жашоо чөйрөсү, өзгөчөлүктөрү, жаратылыштагы орду жана санынын азайышына таасир эткен коркунучтар, аларды коргоо аракеттери жөнүндө айтып берди.
Экологиялык билим берүү иш-чарасы сүрөт тартуу сынагы менен коштолду. Анда окуучулар илбирстин сүрөттөрүн тартып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Алар бул эмгектери аркылуу жаратылышка жана жапайы жаныбарларга болгон кызыгуусун, илбирсти коргоого болгон мамилесин көрсөтүштү.
Иш-чарага Баткен облусундагы «Сүрмө-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери да катышып, окуучуларга коруктун ишмердүүлүгү, анын аймагында кездешүүчү жаныбарлар жана Кыргызстандын Кызыл китебине кирген түрлөр тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаранын соңунда сүрөт тартуу сынагына катышкан окуучулардын эмгектери бааланып, жеңүүчүлөргө NABU Кыргызстан уюмунун жана «Сүрмө-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун баалуу белектери тапшырылды.









