2025 жылдын 15-апрелден 18-апрелге чейин NABU Кыргызстан уюмунун «Экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш» бөлүмүнүн кызматкерлери «Өз жериңдин табиятын коргоодо сенин салымың» аттуу темада Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда экологиялык билим берүү иш-чараларын өткөрүштү.

Ага райондун Кызарт, Куйручук, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Байзак, Чаек, Кызыл-Жылдыз жана Көк-Ой айылдарындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин 7-8-9-10-класстарынын окуучулары катышты. Экологиялык билим берген иш-чарада аларга Нарын облусунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүгү жөнүндө маалымат берилип, өз жеринин табиятын сактоодо экологиялык жөндөмдөрдү (полиэтилен баштык ордуна шопер, шейкер, термочөйчөктөрдү көтөрүү, энергияны сарамжалдуу колдонуу ж.б.у.с.) адат катары күнүмдүк турмушка колдонууга түшүндүрмө берилди.