НАБУ жаңылыктары

Сузак районундагы мектеп окуучуларга экологиялык сабак өткөрүлдү

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылынын № 41 Төлөгөн Кубатбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына экологиялык ачык сабак өткөрдү.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга Кыргызстандагы илек-илектер жана илбирстер тууралуу кенен маалыматтар айтылып, жапайы жаныбарларды коргоонун жана жаратылышты сактоонун мааниси түшүндүрүлдү. Ошондой эле айлана-чөйрөнү таанып-билүүгө кызыгууну арттыруу максатында атайын презентация көрсөтүлдү. Мындан тышкары, «Илбирс. Мөңгүдөгү издер» аттуу анимациялык мультфильм көрсөтүлдү.

 

Соңунда окуучуларга боемо китепчелер, мугалимдерге уюмдун таркатма материалдары белекке берилди. Мектеп жетекчилиги экологиялык мындай ачык сабактарды кийин дагы көп-көп өткөрүп туруу зарыл экенин белгилешти.