

NABU Кыргызстан коомдук уюмунун кызматкерлери Чоң Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы жамааты менен биргеликте Кемин районундагы Кызыл Байрак орто мектебинин окуучулары үчүн “Мени курчап турган дүйнө” экологиялык экскурсиясын өткөрүштү.
“Мени курчап турган дүйнө” Экологиялык экскурсиясынын программасында Чон Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Изат Ибримов башында турган кызматкерлери мектеп окуучуларына өздөрүнүн иштери жана алар кайтарган аймактын биологиялык ажырымын сактоо үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.
NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери өз иштери жөнүндө жана анын ичинде бөлүмдөр кандай иш алып барары тууралуу маалымат беришти.
Мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Сагындыков анын бөлүмү жана бөлүмдүн кызматкерлери жапайы жаратылыш шарттарында фототузактар кантип орнотулганын жана андан кийин маалымат чогултуу жана талдоо жүргүзүү боюнча иштер кандай жүргүзүлөрүн көрсөтүштү.
“Группа Барс” бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Султанов жер-жерлерде жергиликтүү калк арасында аңчылыкка каршы рейддер жана түшүндүрүү иштери кандай жүрүп жатканын айтып берди.
Ошондой эле NABU Кыргызстан кызматкерлери республиканын ар кайсы аймактарынан браконьерлерден конфискацияланган же жана жергиликтүү тургундар тарабынан алып келинген жарадар болуп калган жаныбарларды багып аткан реабилитациялык борбор тууралуу кеңири айтып беришти. Бул борбордо жаныбарлар, биздин уюмдун ветеринарларынын тыкыр көзөмөлү астында калыбына келтирүүчү дарылоодон өтүшөт жана андан ары багуу астында калышат. Мындай жаныбарларды жапайы жаратылышка кое берүү мүмкүн эмес, анткени бул жаныбарлар мындан ары табигый жапайы шартта жашай алышпайт.
Экскурсия программасынын алкагында талаа шартында мектеп окуучулары үчүн Экологиялык тренинг өткөрүлдү. Окуучуларга экологиялык маданиятты тарбиялоо, айлана-чөйрөнүн объектилерине эмпатияны өнүктүрүү, жаратылышка жана жаныбарларга болгон жеке аяр мамилени күчөтүү үчүн атайын иштелип чыккан ар кандай көнүгүүлөргө катышышты. Тренингден кийин балдар экологияны кантип сактап калуу жана курчап турган жаратылышка аяр мамиле жасоо боюнча өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Окуучулар экологиялык сабакка катышып жаткан учурда, NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери жана “Чоң Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери парктын аймагында ишембилик өткөрүштү. Анын жүрүшүндө 500 килограммдан ашык таштанды чогултулган. Бардык таштандыларды кызматкерлер андан ары коопсуз утилизация үчүн алып кетишкен.
#NABUКыргызстан
Сотрудники NABU Кыргызстан совместно с коллективом ГПП Чон Кемин провели Экологическую экскурсию “Мир, который меня окружает” для учеников Кызыл Байракской средней школы Кеминского района.
В программе Экологической экскурсии “Мир, который меня окружает” сотрудники ГПП Чон Кемин во главе со своим директором Изатом Ибраимовым рассказали школьникам о своей работе и о том, какие работы ведутся для сохранения биоразнобразия охраняемой ими территории.
Сотрудники NABU Кыргызстан рассказали о нашей организации и в частности какую деятельность ведут наши подразделения. Руководитель отдела Мониторинга Жыргалбек Сагындыков рассказал о том, чем занимается его отдел и сотрудники отдела продемонстрировали как устанавливаются фотоловушки в условиях дикой природы и как впоследствии ведутся работы по ведению сбора и анализа информации.
Руководитель отдела “Группа Барс” Жыргалбек Султанов рассказал как ведутся антибраконьерские рейды и разъяснительные работы среди местного населения на местах.
Также сотрудники NABU Кыргызстан подробно рассказали о реабилитационном центре, где содержатся животные, конфискованные у браконьеров либо раненные животные, которые были подобраны местными жителями в разных регионах нашей республики. В этом центре животные проходят восстановительное лечение под пристальным наблюдением ветеринаров организации и остаются под дальнейшее содержание. Такие животные не могут быть отпущены на волю, так как эти животные уже не смогут выжить в условиях естественной дикой природы.
В рамках экскурсии в полевых условиях для школьников был проведен экологический тренинг. Ученики приняли участие в различных упражнениях, которые были специально разработаны для воспитания экологической культуры, развития эмпатии к объектам окружающей среды, усиления личностного бережного отношения к природе и животным. После тренинга дети поделились своими впечатлениями и своими идеями, как можно сохранить экологию и трепетно относиться к окружающей природе.
Пока ученики принимали участие в экологическом уроке, сотрудники NABU Кыргызстан и государственного природного парка “Чоң Кемин” провели субботник на территори парка. Во время которого было собрано более 500 кг мусора. Весь мусор был вывезен сотрудниками для дальнейшей его безоопасной утилизации.
#NABUКыргызстан
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 709 235 929
Email: nabu.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24