

“Германиянын табиятты коргоо союзу” (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен бирге 11-декабрь – Тоолордун эл аралык күнүнө карата уюштурган “Биздин байлык тоолордо” аталышындагы сынагы жыйынтыкталды. Сынакка жогорку окуу жайларынын студенттери жана жогорку класстын окуучулары 5 багыт боюнча катышты:
1.Илбирс – тоолордун ыйык жаныбары;
2.Тоолуу аймактарда жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр;
3.Тоолуу аймактардагы жоголуп бара жаткан жаныбарлар;
4. Тоо экосистемасына тийген антропогендик терс таасир (өнөр жай, айыл чарба жана транспорт);
5. Тоо калкынын көйгөйлөрү.
Эмгектер кылдат, ар тараптан бааланып, ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 709 235 929
Email: nabu.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24