

Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн рейд учурунда тоо эчкилерин аткан браконьер колго түштү. Бул тууралуу НАБУ жаратылышты коргоо уюмунан кабарлашты.
Тоо эчкилерди мыйзамсыз аткандар Нарын облусунун тургундары болгон. Алар бир эчкини жиликтегенге жетишип, экинчисин союп жатканда кармалышкан.
Аталган фактынын негизинде жаратылышты коргоо мыйзамы бузулгандыгы тууралуу акт түзүлүп, бардык материалдар укук коргоо органдарына берилген.
Белгилей кетсек, тоо эчкини мыйзамсыз аткандарга жүз миң сом айып пул салынат.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 709 235 929
Email: nabu.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24