

Ысык-Көл облусундагы тоолорго коюлган фотокапканга ак илбирс, мадыл, аркар-кулжа баштаган сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар түшүп калды. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, фотокапканга жаныбарлар октябрь айында түшкөн. Буга чейин жайында тартылган сүрөттө беш ак илбирс аныкталган. Ал эми акыркы сүрөттөрдөгү маалымат боюнча алардын саны онго жеткен. Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүнө 18 даана фотокапкан орнотулган.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 709 235 929
Email: nabu.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24