Идет загрузка...

 
Пон - Пят9-00 до 18-00
Адресг.Бишкек 720011, ул.Табачная,24
Мы в социальных сетях

Чунгулов Ж.К., Искакова Н.Ж. Экологиялык билим берүүнүн илбирсти коргоого кошкон салымы

УДК.504.37.

Чунгулов Ж.К. Искакова Н.Ж.

Chungulov J.K. Iskakova N.J.

Экологиялык билим берүүнүн илбирсти коргоого кошкон салымы

Аннотация

Иш негизинен өлкөбүздөгү экологиялык билим берүүгө, жаратылышыбызды сактоого, анын ичинен жоголуп кетүү коркунучунда турган илбирсти сактап калууда коомчулукка, өсүп келе жаткан муунга жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер жөнүндө баяндалат.

Негизги сөздөр:Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык билим берүү, экологиялык көйгөйлөр, илбирсти сактап калуу.

Аnnotation

The work is devoted to environmental education, nature conservation, protection of snow leopard conservation, environmental education of the young generation.

Keywords: ecology, environment, environmental education, environmental issues, conservation of the snow leopard.

Кыргызстандын жаратылышы ар түрлүү жана табигый жактан дүйнөнүн башка жерлерине караганда жакшы сакталып калган. Бирок өлкөбүздүн жаратылышынын азыркы абалы мурунку мезгилдерге карата салыштырып карасак кооптуу абалга туш келүүдө. Мындай абал коомчулуктуу дүрбөлөңгө салууда.

Дүйнөдөгү экология тармагынын адистери белгилеп келгендей, жаратылышты  жана адамдардын экологиялык коопсуздугун камсыз болушу атайын экологиялык билим берүүчү мамлекеттик жана коомдук мекемелелер, мамлекеттик бийлик, коомчулук аркылуу ишке ашат. Алардын ичинен эң эле актуалдуулугу инсандын экологиялык жактан калыптанышына экология тармагындагы иштеген адистердин билим берүүсү, жүргүзгөн түшүндүрүү иштери, коомчулуктун жаратылыш менен карама каршылыгынын жоюлушу негизги орунду ээлейт.

Экологиялык билим берүү бул экологиялык үзгүлтүктүз тарбиялоочу,билим берүүчү, коомдун, анын ичинде өсүп келе жаткан муундун жаратылышка аяр мамиле жасоого калыптандыруучу узак иш аракет.

Экологиялык жактан тарбия берүү бул жаратылышты коргоого, жаратылышты сүйүүгө, жаратылышка гумандуу мамиле жасоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган көп жылдык үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү чоң процесс болуп эсептелет.

Экологиялык билим берүүдө негизги иш, адам баласы экологиялык көйгөйлөрдүн жаралуусуна каршы ар кандай ыкмаларды иштеп чыгууда, колдонууда коллективдик жана өздүк салымын кошууга, ошол иштердин жыйындысы биригип келип дүйнөлүк коомчулук глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү таанып билүүгө салым кошууга басым жасалат.

Ушул максаттарда 1975-жылы Белградда, 1977-жылы Тбилиси шаарында экологиялык билим берүүнүн багыттарын аныктап алуу жана экологиялык билим берүүнүн максаттары жөнүндө эл аралык конференциялар уюштурулган.

Мамлекетте табигый  жаратылышты сактап калуу, калкка экологиялык билим берүү тармагы бир калыпка салынмайын, өлкөнүн табигый жаратылышы жабыркоонун гана үстүндө болуу менен бирге өлкөдө жашаган калктын ден- соолугуна да терс таасирин берет.

Тилекке каршы экологиялык билим берүү, калкка жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштерине мамлекеттик мекемелер, мектептер, жогорку окуу жайлары жетише албай жаткандыгына байланыштуу, жетише албай жаткан боштуктуу толтуруу үчүн, өлкөбүздүн жаратылышын коргоого салым кошууга, калктын, өсүп келе жаткан муундун экологиялык билимин жогорулатуу жана экологиялык билим аркылуу калктын жаратылышка жасаган мамилесин жакшыртуу максатында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун(NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү көптөгөн жылдардан бери өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында бала бакчаларга, жалпы билим берүүчү орто мектептерге, жогорку окуу жайларына, жалпы эле өлкөбүздө жашап жаткан калкка экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат.

Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүү үчүн төмөнкү багытта иш алып барууда:

1.Мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелерде(бала бакча) балдарды жаратылышты сүйүүгө, балдардын жаратылышка көз карашын гумандуулук багытка бурууга, жаратылыш менен байланышканда  балдар өзүлөрүн бактылуу сезүүгө басым жасоо.

2.Жалпы билим берүүчү мектептердеги окуучуларга өлкөбүздүн жаратылышы, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүу алдында турган жаныбарлар тууралуу кенениреек маалымат берүү менен бирге өсүп келе жаткан муундун жаратылышты коргоого болгон аң сезимин жакшы жакка бурууга, өлкөбүздүн жаратылышына, айлана чөйрөнүн тазалыгына кайдыгер карабоого үндөөгө, мекенди сүйүүгө тарбиялоо.

3.Келечекте өлкөбүздүн ар кайсы тармагында эмгектенүү үчүн ар кандай кесип алууга билим алып жаткан, өлкөбүздүн флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КУУ жана К.Карасаев атындагы БГУ баш болгон көптөгөн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер арасында экологиялык билимдерин жогорулатуу жана өлкөбүздүн жаратылышын коргоого салымын арттыруу максатында лекцияларды окуп туруу.

4.Өлкөбүздүн аймагындагы калкка экология, жаратылышты коргоо багытында дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мындай иш аракеттер өлкөбүздүн жарандарынын жаратылышты жана өздөрү жашап жаткан аймакты сүйүүгө, табигый жаратылышка аяр мамиле жасоого жана коргоого, экологиялык маданият жалпы маданияттын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө, жаратылышты коргоо иш чараларынын жакшыруусуна алып келүүдө.

Акыркы жылдары Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү Бишкек шаарынын жана Кемин, Нарын, Ак-Суу, Түп, Талас райондорунун жалпы билим берүүчү орто мектептери менен экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча жыл бою үзгүлтүксүз иштеп келүүдө. Жогорудагы мектептер жаратылыш коругуна, жаратылыш парктарына жана токой чарбасына, бийик тоолуу аймактарга жакын жайланышкандыгына байланыштуу атайын тандалып алынган. Анткени ошол аймактарга жакын бийик тоо кыркаларына Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн браконерчиликке каршы “Барс” тобу жылдын ар кайсы мезгилдеринде фотокапкандарды орнотуу менен бирге, жапайы жаныбарларга, анын ичинен илбирстерге үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп келишүүдө. Узгүлтүксүз жүргүзүлгөн фотомониторингдин жыйынтыгында экологиялык билим берүүнү жүргүзгөн аймактын бийик тоо кыркараларынан илбирс, аюу, бугу-марал ж.б.жаныбарлар катталууда жана алардын саны өтө аз санда. Биз ошол аймактардагы жапайы жаныбарлардын, анын ичинде илбирстин жаратылыштагы жашоосу жөнүндө, илбирстердин жаратылышыбыздан азайып жок болуп бара жатканын, аларды сактап калуунун маанисин жалпы билим берүүчү мектептер аркылуу өсүп келе жаткан муундарга жеткирүү, окуучулар аркылуу алардын ата-энелерине да маалымат жетсин деген максатта экологиялык билим берүүбүздү өткөрүп келүүдөбүз.

Илбирс(лат.Uncia uncia) Азиянын 12 тоолуу өлкөлөрүндө кездешет. Кыргызстанда Пскем, Чандалаш, Талас, Кыргыз, Суусамыр, Чаткал, Фергана, Түркстан, Алай, Күнгөй жана Тескей Алатоо, Молдотоо, Атбашы, Сарыжаз жана Какшаалтоо кыркаларында таралган. Альпы жана субальпы ландшафттык алкактарда (деңиз деңгээлинен 3төн 4 миң.м бийиктикте) таралган. Илбирс жашаган жерине орточо тилкеленген рельефтерди, жашынууга көп таштуу (шагылдуу) жана анча чоң эмес бадалдуу (карагайлуу жана арчалуу) дөңдөрдү тандап алат . Токойлуу жерлерге бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө кирет. Кышкысын токойлордун үстүнкү алкактарына тоо эчкилердин артынан кууп барат. Кыргызстанда көптөгөн тоо кыркаларында дайыма кездешүүчү түр катары саналат. 80-жылдардын башталышына чейин жалпы саны 1400гө чукул особдор болгон . Акыркы 20-30 жылда Кыргызстанда бул түрдүн саны 5-10 эсе азайган жана азайуусу уланып жатат. Азыркы убакта бул түрдүн саны 150-250 особдон ашпайт. Илбирстин эң эле көбү Түндүк Теңир Тоонун бийик тоолорунда. Алайда, Ички жана Борбордук Теңир Тоодо болжол менен анын жыштыгы бирдей, Батыш Теңир Тоодо саны эң аз Дүйнөлүк популяциясында түрдүн саны 5-7 миң особго барабар. Отурукташып жашайт. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү, кыш менен жазында туяктуулар күндүз активдүү кезде, илбирс да күндүзү кездешет. Кууту февраль-мартта, 98-103 күн көтөрүп 1-3 (чанда 5 ке чейин) тууйт. Ургаачысы 2 жылда бир жолу гана тууйт, жыныстыгы эки жашында жетилет. Негизги табылгасы — тоо эчкилер, аркарлар, суурлар, чанда — эликтер, маралдар, камандар, коендор, уларлар, кекиликтер. Ооруусу толук изилденген эмес, кутурма жана котур оорулар менен ооруганы белгилүү XIX кылымдын аягынан тартып Кыргызстанда илбирске аңчылык басымдуу болгон, ушул себептен XX кылымдын биринчи жарымында анын саны азайып кеткен. 1948-жылдан тартып ага аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан санын азайганы токтогон, бирок кой чарбасынын өнүгүшү жана тоолорду өздөштүрүү жапайы туяктуу жаныбарларды сүрүп чыгышты, ошондуктан алардын саны кескин кыскарды. Ушул себептен илбирстин саны кыскарды. Акыркы он жылда кайрадан браконңерлердин саны өстү.

Дүйнөнүн көпчүлүк зоопарктарында көбөйтүшөт, анын ичинен КМШнын 6 зоопаркында. Зоопарктарда илбирстин жалпы саны 700 особдон кем эмес. Кыргызстандын территориясында аны кармоого 1948-жылдан бери тыюу салынган, ал эми 1959-жылдан тартып лицензиясыз кармоо жана аңчылык кылууга жоопкерчиликти күчөткөн. Эларалык Кызыл китепке жана «Жапайы фауна жана флоранын жоголуп бараткан түрлөр боюнча эларалык соода-сатык кылуу жөнүндө конвенциясынын» биринчи тиркемесине киргизилген. 1975-жылдан бери Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган түрлөрүнүн тизмесине киргизилген. Сарычелек, Бешарал, Нарын, Караталжапырык, 1993-жылы ушул түрдү сактоо үчүн уюшулган. Сарычатэрташ коруктардын территорияларында, ошондой эле Аларча, Каракол жана Чоң-Кемин улуттук жаратылыш парктарына коргоого алынган. 1999-жылдан тартып «Илбирс» аттуу биргелешкен Кыргыз-Немис долбоору жана 2002-жылдан бери – Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун базасынын негизинде илбирсти коргоого жана мониторинг боюнча биргелешкен Кыргыз-Америка долбоору иштеп жатат.[Кыргыз Республикасынын кызыл китеби. Бишкек-2006.]

Мына ушул жаныбарды сактап калуу жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн өлкөбүздүн аймактарында пропаганда жүргүзүү, түшүндүрүү иштерин жайылтуу максатында  Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү жыл бою жогорудагы райондордун жалпы бирим берүүчү орто мектептеринде билим алып жаткан, өсүп келе жаткан муундарга, ошол аймактактагы жашаган калкка дайыма илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактап калуу боюнча алдын ала түшүндүрүү иштерин өткөрүп келүүдө. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында иш чара өткөн аймактын калкы жаратылышка мурункудан башкача, аяр мамиле жасаганы байкалууда. Мисалы: Акыркы эки жылда Чоң Кемин өрөөнүнүн жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларына жана өрөөндө жашаган калкка  Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмүнүн үзгүлтүксүз иш аракеттеринин натыйжасында жергиликтүү калк арасында мыйзамсыз аң уулоо, өрөөнгө башка жактан келип мыйзамсыз аң уулоолор кыскарып жокко эсе.  Ал жердеги калктын негизги ою, өрөөнгө келип аң уулабай эле эс алуучуларга эс алуунун башка кызматтарын көрсөтүү. Ошонун натыйжасында акыркы убактарда экотуризм, жайлоо туризми, фототуризм, кымыз менен дарыланып эс алуу тармактарын алсак болот.

Макаланы жыйынтыктап жатып, Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү мындан ары да жаратылышты коргоо, жоголуу коркунучундагы жапайы жаныбарларды коргоо жана сактап калуу, анын ичинде илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо жана сактап калуу боюнча өлкөбүздүн аймактарына, аймактардагы жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына, ЖОЖдордун студенттерине, баардык жаратылышты коргоого кызыккан жарандарыбызга экологиялык билимин улантып келген, экологиялык билим берүү иш чараларын мындан ары да улантып,түшүндүрүү иштерин жүргүзө бермекчи.

Колдонулган маалыматтар:

1.Кыргыз Республикасынын Кызыл Китеби.Экинчи басылышы. Бишкек-2006.510-бет.

2.Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экологиялык билим берүү бөлүмүнүн отчеттору.

О НАСNABU
Филиал ОО “Союз охраны природы Германии (NABU)” в Кыргызской Республике
АДРЕСГде мы находимся?
https://nabu.kg/wp-content/uploads/2020/02/img-footer-map.png
МЫ В СОЦ СЕТЯХВсегда на связи
NABU — одна из самых крупных неправительственных организаций Германии в области охраны природы.
О НАСNABU
Филиал ОО “Союз охраны природы Германии (NABU)” в Кыргызской Республике
АДРЕСГде мы находимся?
https://nabu.kg/wp-content/uploads/2020/02/img-footer-map.png
МЫ В СОЦ СЕТЯХВсегда на связи
NABU — одна из самых крупных неправительственных организаций Германии в области охраны природы.

Все права защищены. Сайт разработан IPROFI.KG

Все права защищены. Сайт разработан IPROFI.KG