Идет загрузка...
УДК 502:338
Асыкулов Толкунбек
Бийик тоолуу жайыттардын экологиялык-экономикалык абалы
(Кара-Кужур өрөөнүнүн мисалында)
Эколого-экономическое положение высокогорных пастбищ
(на примере Кара-Кужурской долины)
Ecological and economic situation of mountain pastures
(for example, Kara Kuzhur Valley)
Макала бийик тоолуу жайыттарды колдонуунун көйгөйлөрү, өзгөчө мал чарбасынын негизги тоют базасы болгон жайлоолордун колдонулушу жөнүндө болот. Негизги ойлор ошондой эле экологиялык багыттагы топоз чарбасынын өнүгушүнө арналат. Макала тоолуу райондордо илбирстин тоют базасына болгон браконьерчиликти топоз чарбасын өнүктүрүү аркылуу азайтса болот деген тыянак чыгарат.
Тутум сөздөр:
Жайыт, жайлоо, топозчулук, браконьерчилик, өнүгүү, калк, ресурстар, көйгөй, мал чарбачылык, тоют базасы, илбирс.
Статья посвящена к проблемам использования высокогорных пастбищ, а именно летних пастбищ, которые являются основной кормовой базой животноводства. Основной упор также уделяется развитию яководства, являющееся экологически ориентированной отраслью животноводства. В статье сделан вывод, что в этих районах необходимо уменьшить уровень браконьерства на кормовую базу снежного барса за счет развития яководства в горных районах.
Ключевые слова:
Пастбище, летнее пасбище, яководство, браконьерство, развитие, население, ресурсы, проблема, животноводство, кормовая база, снежный барс.
The article is devoted to the problems of the use of mountain pastures, namely summer pastures, which are the main fodder for livestock. The emphasis is also placed on the development of yak, it is an environmentally-oriented livestock sector. The article concluded that in these areas is necessary to reduce the level of poaching on snow leopard food base through the development of yak breeding in the mountainous regions.
Keywords:
Pasture, summer pasture, yak, poaching, development, population, resources, the problem, animal husbandry, food supply, the snow leopard.
Кириш сөз
Кыргызстан жалпысынан алганда агрардык өлкө болуп саналат. Айыл чарбасына тийиштүү ички дүң продукция жылдан жылга бир аздан болсо да өсүүдө. Алсак, 2004-жылы ал 58419,7 млн. сом болсо, 2005 – жылы 63379,5 млн.сомго, 2006-жылы 72277,4 млн. сомго 2007 – жылы 89 8886, 1 млн. сомго, 2008-жылы 112099,6 млн. сомго, ал эми 2013 – жылы 171982, 2 млн. сомго, 2014-жылы болсо 194329,6 млн. сомго өскөн. Башкача айтканда, 10 жылдын ичинде бир кыйлага жогорулаган (Кыргыз республикасынын статистикалык жылдыгы, 2010; Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы, 2014).
Муну менен айыл чарбасы барган сайын өз максатына пайдалануучу жерлерди колдонууну кеңейте баштаганын билүүгө болот. Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн 47,6 %и мал чарба тармагына туура келет. Жердин пайдалануусунун кеңейүүсү менен айыл чарба азыктарынын көлөмүнүнүн көбөйүшү келип чыгат. Бирок, жерди пайдалануу кандай жол менен жүрүүдө? Жайыттар туура колдонулуудабы? Жайыт пайдалануучулардын ортосунда чыр-чатак барбы?
Мал чарбачылыгы Союз маалынан бери эле Нарын областында эң орчундуу орунду ээлеп келүүдө. Малдын саны Нарын областында азыркы учурда (2013 жылдын аягында) төмөндөгүдөй: Ири мүйүздүү мал- 138 623, кой-эчки -974 329, жылкы – 95 810, топоз – 14 518 (Поголовье скота и домашней птицы по Кыргызской Республике на конец 2013 года).
Нарын областындагы малдардын негизги түрлөрүнүн динамикасы, баш менен. Таблица 1. | ||||||||||
2004ж | 2005ж | 2006ж | 2007ж | 2008ж | 2009ж | 2010ж | 2011ж | 2012ж | 2013ж | |
Ири мүйүздүү мал | 110900 | 115000 | 118400 | 121500 | 125000 | 128900 | 129800 | 133500 | 136600 | 138623 |
кой-эчки | 623200 | 662000 | 701200 | 737700 | 774900 | 854900 | 871300 | 916000 | 940300 | 974329 |
жылкы | 90700 | 89100 | 88100 | 88500 | 88700 | 89900 | 90800 | 93200 | 94900 | 95810 |
топоз | 10668 | 13134 | 14518 | |||||||
Адабий булак: Поголовье скота и домашней птицы по Кыргызской Республике на конец 2013 года. Бишкек 2014.
Кыргыз республикасынын статистикалык жылдыгы. 2009. Бишкек 2010. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы. 2004-2008. Бишкек 2009. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы. Бишкек 2014. Итоги учета скота и домашней птицы по Кыргызской Республике на конец 2009 года. Бишкек 2010. |
Бул көрсөткүч 2004-жылдан бери өсүү гана жолунда болгон. Муну төмөнкү диаграммадан ачык байкаса болот. Малдын түрлөрүнүн ичинен өзгөчө кой-эчкинин саны байкалаарлык өскөн.
Кара-Кужур өрөөнүндөгү негизги жайыттар
Айыл жергесиндеги жеке чарбалардын негизги капиталы болгон мал чарбачылыгына көбүрөөк көңүл буруусу, алардын башынын көбөйүшүнө алып келип, алыскы жайыттарды пайдаланууга түрткү берди. Нарын областынын негизги жайлоолорунан болгон Сон-Көл, Аксай, Арпа, Солтонсары, Кара-Кужур жайлоолору азыркы учурда мал чарбачылыгы үчүн негизги тоют базасы болуп саналат. Солтон-Сары жайлоосу Нарын районунун борборунан 130 км алыстыкта жайгашып, бийик тоолуу жайлоо болуп эсептелинет. Солтон-Сары өрөөнү ички Тянь-Шанда. Кара-Жорго жана Байдулу тоолорунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат. Узундугу 24 км, орточо жазылыгы 6 км. Таманы деңиз денгээлинен 2800-3000 м. бийиктикте жатат. Курчаган тоолордун кыры өрөөндүн таманынан 500-800 м. бийик жатат. Таманы тегиз, саздуу булактар көп; түндүк бети тик, түштүгү жантайыңкы.
Батышы (Тер-Суунун алабы) куушурак, чыгышы (Солтон-Сарынын алабы)кенен тартып, жапыз. Бел-Тепши ашуусу (бийиктиги 3271 м.) аркылуу Кара-Суу өрөөнү менен байланышат. Тер-Суунун чатынан Солтон-Сарынын Он-Арчага кошулганга чейинки бөлүгү 2400 м. бийиктикте жатып, кууш жана тик. Жайлоо Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча(2014 ж.) ал ортоңку жайыттарга таандык болуп, жалпы аянты 2910 гектарды түзөт. Таманы неоген менен антропогендик конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, кум-шагыл чополорунан толгон. Тоо капталдары девон менен ордовиктин сланец, гравелит, кремний, кумдук, мергель тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, диорит интрузиялары жиреп чыккан. Климаты кескин континенттик, январдын орточо температурасы -18 градус суук, июлдуку -14 градус жылуу. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Аязсыз мезгилдин узактыгы 100 күнгө жетет. Өрөөн аркылуу Солтон-Сары жана анын куймалары (Тер-Суу, Кара-Булуң, Соку-Таш, Бел-Тепши) агат. Таманында доңуз сыртуу шалбаа, тоо капталдарына альп талаасы (күнгөй беттерге), андан ары нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Бул жайлоого Нарын районунун Он-Арча, Лахол, Миң-Булак жана Жер-Көчкү айыл аймагынын тургундары жайкы мезгилде жайлашат. Солтон-Сары жайлоосу деп жалпы аталганы менен Туура-Суу, Терс-Суу жана Соко-Таш, Самындуу-Суу деген аталыштагы жайыттар бар. Деңиз деңгээлинен 3200-3600 км бийиктикте турат. Мындан сырткары, бул жерде Солтон-Сары алтын кени да орун алган.
Негизи жайыт болуп саналган Кара-Кужур өрөөнү административдик бөлүнүшү жагынан Кочкор жана Нарын районуна таандык. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Кара-Жорго тоосу менен курчалат. Аянты 1240 км.кв., узундугу 80 км, туурасы ортоңку бөлүгүндө 6-8 км, батыш бөлүгү кууш болуп 1 км түзөт. Акташ доломиттешкен акиташ теги кени 1948-ж. табылып, 1980–81-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Пайдалуу ак доломиттүү мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декаративдик оор бетондо жана курулуш иштеринде колдонулат. Баланстагы запасы А+В+С1 категориясы боюнча 2994 миң м3. Кара-Кужур мрамор кени Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973–75-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында протерозойдун ортосунда пайда болгон мраморлошкон жана доломиттешкен акиташ тегинин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400–3000 м. Мында кооз таш катары мрамордун 3 түрү кезигет: 1) Бир өңчөй ак, доломиттешкен майда бүртүкчөлүү мрамор. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3. 2) Боз, кооз формадагы агыш темгилдери бар орточо бүртүкчөлүү мрамор. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3. 3) Ак мрамордун арасында боз жана каралжын боз жол-жол ичке темгилдери бар майда жана орточо бүртүкчөлүү мрамор. Блоктуулугу 0,1– 0,3 м. Мрамордун 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрүнөт. Запасы 40 млн м3. Имараттардын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт. Бул кен байлыктарды иштетүүдө жергиликтүү элден да жумушчу күчү тартылууда. Таманы тектирлүү түздүк, бийиктиги батышында 2400 м, төрүндө 3946 м. Антропогенде пайда болгон борпоң шиленди тектер каптаган. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы 12,5 градус суук, июлдуку 10,2 градус жылуу. Кышында кар аз түшөт. Жылдык орточо жаан-чачындын көлөмү 366 мм ди түзөт. Өрөөндүн ортоңку бөлүгүндө көп жылдык чөп, арпа айдалат. Бул өрөөндүн чыгыш тарабы Нарын районуна таандык болуп, жайкы жана кышкы жайлоо катары пайдаланылат. Ал эми батыш тарабында мал кыштатылат. Мындан тышкары өрөөндүн ичинде Жер-Көчкү, Улахол, Ак-Кыя жана Сары-Булак кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркылуу Чүй суусунун куймасы болгон Кара-Кужур суусу агып өтөт.
Кара-Кужур өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы жайыттардын көпчүлүгү жайлоо катары пайдаланылат. Жер-Көчкү айылынын түндүк жана түндүк-чыгыш тараптарында Кашка-Суу, Тармал-Төр, Ой-Булак, Бурган-Суу, Ашуу-Төр жана башка ушул сыяктуу жайлоолор элдин малдарынын негизги жайыты болуп саналат. Бул жайлоолор 2000-2500 м ден бийик жайгашып жайлоого пайдаланылса, Кара-Кужур суусунун жээктери жана Жер-Көчкү, Лахол, Туура-Суу, Ак-Кыя жана Сары-Булак айылдарынын тегереги кыштоо катары пайдаланылат. Өрөөндүн чыгыш бийик бөлүгү Кара-Кужур айыл аймагына кирет. Бул аймакта Лахол жана Жер-Көчкү айылдары жана Туура-Суу айылчасы орун алган.
Кара-Кужур айыл аймагынын калкы жөнүндө маалымат Таблица 2
Булак: Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын паспорту, 2014. |
||||
Көрсөткүчтөр | 2012 — ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | |
1 | Калктын саны | 1728 | 1738 | 1911 |
2 | Эркектер | 900 | 909 | 990 |
3 | Аялдар | 828 | 829 | 921 |
4 | Эмгекке жарамдуулар | 650 | 665 | 680 |
Анын ичинен: эркектер | 350 | 355 | 360 | |
аялдар | 300 | 310 | 320 | |
5 | 7 жашка чейинки балдар | 262 | 262 | 265 |
6 | Пенсионерлер | 263 | 263 | 266 |
Анын ичинен: аялдар | 179 | 179 | 181 | |
эркектер | 84 | 84 | 84 | |
7 | Кожолуктун саны | 408 | 411 | 413 |
2- таблицада көрүнгөндөй, Кара-Кужур айыл аймагынын калкынын жалпы саны 1911 кишини түзөт. Кожолуктун саны 413. Калкы бир аздан болсо да көбөйүүдө. Эгерде 2012 жылы калктын саны 1728 адам болсо, бир жылдан кийин 1738 адамга өскөн. Калктын 990 – эркектер, 921 – аялдар түзөт. Эмгекке жарамдуу калк 680 адамды же 35% ды түзөт. Айыл аймагында 2 орто билим берүүчү мектеп(окуучулардын саны 419), 2 мектепке чейинки билим берүү мекемеси(балдардын саны 60), 1 ФАП(фельдшердик акушердик пункт, 3 дарынер эмгектенет), 2 клуб, 2 китепкана, 1 мончо жана 8 дүкөн орун алган.
Кара-Кужур айыл аймагындагы жер аянттары. Таблица 3
Булак: Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын паспорту, 2014 |
||||
№ | Көрсөткүчтөр | 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. |
1 | Жалпы жер аянты(га) | 16415 | 16415 | 16415 |
Анын ичинен: Айыл чарба багытындагы жерлер | 620 | 360 | 360 | |
Анын ичинен: айдоо жерлер | 275 | 275 | 275 | |
Кайрак | 85 | 85 | 85 | |
Жайыт | 16055 | 16055 | 16055 | |
Эшик алды(огород) | 485 | 485 | 485 | |
2 | Кайра бөлүштүрүү фондунун жери | 135 | 135 | 135 |
Анын ичинен: айдоо жерлер | 85 | 85 | 85 | |
кайрак | 50 | 50 | 50 |
Кара-Кужур айыл аймагынын жалпы жеринин аянты 3 – таблицада көрсөтүлгөндөй 16415 гектарды түзөт.
Айдоо жерлердин аянты 275 гектарды түзүп, климаттык шартына байланыштуу көбүнчө арпа жана тоют өсүмдүктөрү айдалат. Кайрак жерлер 85 гектарды тузөт да, көп жылдык чөп чабынды катары кызмат кылат. Айыл аймактын дээрлик көп бөлүгү жайыт катары пайдаланылат. Аймакта 400 чарба жүргүзүүчү субъект өз ишин дыйкан чарбалар катары жүргүзүшөт. Мындан тышкары бул аймакта 4 техникалык сервис, 45 жеке ишкерлер бар. Сууларда 3 көпүрө иштейт, таш жолдордун узундугу 23 км ны түзөт.
Жер Көчкү айылы административдик бөлүнүшү боюнча Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагына карайт. Союз таракаганга чейин СССРдин 60 жылдыгы атындагы мал чарба станциясынын (совхоз) аймагында болгон.
2009 – жылдын 26 январында Кыргызстанда биринчи жолу “Жайыт жөнүндө” мыйзам кабал алынды. Мыйзамда жайыттардын чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет:
— колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде;
— чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу планына ылайык жүзөгө ашырылат. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчыларынан турат. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин учурдагы иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат. Жайыт комитетинин мүчөлөрү бирикменин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн ичинен үч жылга шайланат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы Жайыт комитетинин кеңешинин төрагасы болуп саналат. Жайыт комитетинин ыйгарым укуктары:
— жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу;
— жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу;
— жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу;
— жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
— жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт белеттерин берүү, ошондой эле жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү;
— жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө жана жыйноо, аларды жергиликтүү кеңеште милдеттүү бекитүү;
— өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
— жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу;
— бирикменин жалпы чогулушунун компетенциясына гана таандык маселелерди кошпогондо, бирикменин учурдагы ишин жетектөөнүн башка маселелери.
Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат:
— иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо — мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
— иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо — мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө;
— иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.
Акы төлөөнү жыйноо жайыт комитети тарабынан жүргүзүлөт. Жайыт белеттеринен түшкөн каражаттар жайыт комитети тарабынан жайыттарды жакшыртууга жана жайыт комитети аныктаган башка чыгымдарга жумшалат.
Жайыт белетине акыны бөлүп төлөөгө жол берилет, бирок ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт. Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.
Топоз чарбасы экологиялык таза азыктын үлгүсү
Кыргызстанда топоз чарбасынын иш-аракети бийик тоолуу райондордо болжол менен 2500 метр деңиз деңгээлиндеги бийиктикте жүргүзүлөт. Мындай бийик райондордо кенен жайлоолор жайгашкан, башка малдын түрлөрүн багууда геоморфологиялык шарты кыйындыкты туудуруп, экономикалык жактан салыштырмалуу пайдасыз болсо, топоз үчүн бул жайыттар пайдалуу. Кээ бир бийик тоолуу жайыттарда мергенчилик чарбалары да уюштурулган жана мындай жерлер илбирстин жана анын тоют базасынын(аркар-кулжа,тоо эчки ж.б.) жашоо ареалы болуп саналат. Жергиликтүү калк мындай жерлерди кышкысын мергенчилик үчүн да колдонот, себеби кышында айыл жерлеринде жумуш жайкыга караганда азыраак. Кээ бир тоолуу аймактарда жапайы жаныбарлардын эти жашыруун сатылган учурлар кездешет. Мисалы, “Бир долбоордун чегинде 400 тургундары(Ат-Башы районунун 5 чоң айылдарынын) сурамжыланган. Сурамжылангандардын 78% ы аркардын этин жеп көргөнүн айтышкан(Вечерний Бишкек, 19-ноябрь 2014, № 136). Ошондуктан жергиликтүү калкты браконьерчилик иш-аракеттен алаксытуу үчүн экологиялык багыттагы мал чарбачылыгын — топоз чарбасын жогорку деңгээлде көтөрүү азыркы учурдун талабы. Жалпыга белгилүү болгондой, топоз жылы бою табыгый жайытты гана колдонот, кошумча тоют даярдоону талап кылбайт, аларды кармоо үчүн өзүнчө жайдын деле өзгөчө кереги жок, бир сөз менен айтканда бул жаныбар толугу менен жайыттын малы болуп эсептелинет. Топозчулук – бул мал чарбасынын калдыксыз тармагы. Эти, сүтү баалуу тамак азыгы болсо, майынын тамактан башка косметикалык өндүрүштүн продукциясын алса болот. Териси бышыктыгы жана жумшактыгы менен айырмаланып галантерия, бут кийим өнөр жайында сырье катары колдонулса болот. Жүнүн жана кылын кийим жана башкаларды даярдаганга, ал эми канын, ички органдарын, мүйүзүн жада калса туягын бийик эффективдүү дарыларды даярдоо үчүн фармакология өнөр жайында колодонсо болот. Мунун баардыгы 2001-жылдын 16-июлунда № 355 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасында 2001-2010-жылдары топозчулукту коомплекстүү өнүктүрүүнүн концепциясында” жазылган. Бул концепцияда бийик тоолуу жайыттардын аянты република боюнча 180 миңге чейинки топозду кармаганга болоору айтылып, топоз чарбасын өнүктүүрүнүн көйгөйү катары аны багууга боло турган зоналарды кеңейбей жатканы белгиленген. Ошондой эле топоздун башын көбөйтүү жана алардын багуу зоналарын кеңейтүү үчүн республикада ветеринардык-санитардык тейлөө жана селекциялык-асылдандыруу иштерининин деңгээлин көтөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Кыргызстанда топоздордун максималдуу саны 1978-жылы 79,2 миң башка жеткен. Бирок, токсонунчу жылдарда айыл чарбасындагы реформага байланыштуу алардын саны кескин кыскарып, 2000-жылдын 1-январына карата бар болгону 17 миң башты түзгөн, башкача айтканда, ал 4 эседен ашык кыскарган. (Концепция комплексного развития яководства в Кыргызской Республике на 2001 — 2010 годы, 2001).
Ал эми биз мисал катары алган Кара-Кужур айыл аймагында дагы 4 — таблицада көрүнгөндөй топоздон башка малдардын башы 2008-жылдан бери өсүшкө ээ болгон.
Кара-Кужур айыл аймагындагы малдын саны, баш менен Таблица 4. | |||||||
Ири мүйүздүү мал | Анын ичинде: уй | Топоз | Анын ичинде: инек | Жылкы | Кой-эчки | Канаттуу | |
2008 | 2369 | 1141 | 373 | 174 | 1018 | 7249 | 284 |
2009 | 2370 | 1152 | 373 | 236 | 1023 | 7915 | 298 |
2014 | 4012 | — | 373 | — | 1055 | 10387 | 429 |
Адабий булак: Итоги учета скота и домашней птицы по Кыргызской Республике на конец 2009 года, 2010; Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын паспорту, 2014 |
Мисалга алсак, жайытты көбүрөөк тоют базасы катары пайдаланган кой-эчки 2008-жылдан 2014-жылга чейин 44% ке чейин саны жогорулаган. Кой чарбасы эгерде Союз маалында эт жана жүн багытында колдонулуп келсе, азыркы учурда болгону эт багытына гана колдонулат. Азыркы учурда Кыргызстанда топоздун продукциясын кайра иштетүү боюнча бир дагы ишкана жок.
Корутундулап айтсак, сезондук жайыттар мал чарбасы үчүн эң негизги табигый ресурс болуп саналып, Кыргызстан сыяктуу айыл чарбалуу мамлекеттин мал чарбасын өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Мал чарбасынын ичинен жакшы өнүгө албай жаткан топоз чарбасын өнүктүрүүдө бийик тоолуу жайыттар негизги тоют базасы болуп саналат. Топоз чарбасын өнүктүрүү менен ошол аймактагы браконьерчиликтин саны да азайышы мүмкүн, себеби браконьерчилик өзгөчө бийик тоолуу аймактарда өнүккөн. Топоз чарбасы бийик тоолуу аймакта комплекстүү өнүксө, жергиликтүү калк иш менен камсыз болот. Ошондуктан, бийик тоолуу жайыттарга жакын жерлерге топоз фермаларын ачып, анын продукциясын кайра иштетүүгө шарт түзүү максатка ылайык. Мындай аймактарга туристтерди(экологиялык, айыл туризми) да тартуу оңой болот.
Колдонулган адабияттар: