observation-in-the-field-photo-by-ronald-seipold

Биосфералык экспедицияларга волонтер керек!!! Экспедицияга катышуунун талаптары: англис тилин билүү, эки жума аралыгында тоо шарттарына туруштук берүү, жаратылышты жана илбирсти коргоого кызыгуу.

Толук маалымат 

20190522_0941481

«Кыргызстандын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары» илимий-популярдуу басылмасынын бет ачары биоартүрдүүлүк күнүнө утурлай уюштурулду. Басылмада Кыргыз Республикасынын 23 коругу жана жаратылыш парктары тууралуу маалымат чогултулган.

Толук маалымат

img-20190604-wa00151

5 – июнь Дүйнөлүк айлана чөйрө күнүнө карата  Ж.Баласагын атындагы КМУинин  100дөн ашык студенти “Жаратылышты жана айлана чөйрөнү сактоо – ар бирибиздин милдетибиз” акциясына катышышты.

Толук маалымат

June 2019
M T W T F S S
« May    
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930

NABU жөнүндө

NABU-Германиядагы жаратылышты коргоо багытындагы ири өкмөттүк эмес уюмдардын бири. Немец тилинен которгондо “Германиянын табиятты коргоо союзу” (Der Naturschutzbund Deutschland e.V-NABU).

NABU 1899-жылы жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн. Азыркы убакта 600 000  мүчөлөрү бар. Европа жана Азияда жаратылыштын жана айлана-чөйрөнүн табигый сакталышы үчүн иш алып барат.


Эл аралык байланышы

диалоги со студентами-экологами

NABU Бириккен Улуттар Уюму, Европалык союз жана башка бирикмелер менен жаратылышты коргоо боюнча тыгыз байланышта. NABU Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун (Международный Союз Охраны Природы-МСОП же IUCN) жана birdlife international Германиялык бөлүмүнүн мүчөсү. Ошондой эле NABU өз алдынча эл аралык жаратылышты коргоо иш чараларын жүргүзөт жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча эл аралык конвенциясы(CBD), бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо боюнча конвенциясы(WH), флора жана фаунанын эл аралык соодалашуу боюнча конвенциясы(CITES), миграция болгон жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенциясы(CMC), суулу-саздуу чөйрөлөр боюнча Рамсар конвенциясы, ЮНЕСКОнун “Адам жана Биосфера” программасы(MAB) уюмдары менен жаратылышты коргоо боюнча иш чараларды биргелешип аткарышат.

Жоголуу коркунучундагы жаныбарлардын түрүн сактоо
Өлкөбүздө кээ бир жапайы жаныбарлардын түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Ошондой жапайы жаныбарлардын бири-илбирс. Өлкөбүздөгү бийик тоолор жоголуп бара жаткан илбирстин акыркы баш калкалоочу жайы. Илбирстин жок болуп кетүү коркунучунун себеби- илбирстин терисин, дене мүчөлөрүн баалуу катары эсептеп алганыбыз жана ошол себептүү браконерлердин көбөйүшү. NABUнун активдүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, илбирске аңчылыкты жана бул жаныбардын дене мүчөлөрүн соодалоону токтотуу максатында браконерчиликке каршы күрөшүүчү “Барс группасы” түзүлгөн. Түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикабыздын аймагында Кыргызстандын жана Эл аралык Кызыл Китепке кирген, жок болуп кетүү коркунучунда турган илбирс, зубр баш болгон аркар, күрөң аюу сыяктуу жапайы жаныбарларды коргоо иштерин аткарууда

Slide2_2_1

Корголуучу табигый аймактарды  түзүү

Жаратылышты коргоо тармагындагы өнөктөш уюмдар менен NABU Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда корголуучу табигый аймактарды  түзүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Кавказда да жаратылышты коргоо аймактарын жана жаратылышты коргоо боюнча жергиликтүү уюмдарды түзүү маселелери турат. Корголуучу табигый аймактар жапайы жаныбарлардын, анын ичинде жок болуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө айлануусуна жана алардын узак убакытка сакталып калышына шарт түзөт.  Толук маалымат

.

Биздин партнёрлор: